• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

"Бийлик органдары" секциясы 200дөн ашык сунушту карап чыкты – Токтобаев

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Конституциялык кеңешменин "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясы 200дөн ашык сунушту карап чыкты. Бул тууралуу аталган секциянын жетекчиси Болот Токтобаев билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жигердүү иштеп жатат.

"Кеңешме жабык отуруп алып, айрым чечимдерди кабыл алууда деген маалыматтар тарап жатат. Айтып кетким келет, биз эч нерсени чечкен жокпуз, бир гана сунуш киргизүүдөбүз. Эртең саат 10дон баштап конокторго сөз берилет. Алардын ой-пикир, сунуштарын угабыз. Биздин секция мамлекеттик бийлик органдарын ирээтке келтирүү жана алардын принциптерин карайт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий