• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Конституциялык кеңешме: президент өкмөттүн курамын курултайдын сунушу менен жумуштан ала алат

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Конституциялык кеңешменин "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясы үч бийликтин ыйгарым укуктарын белгилөөнүн үстүнөн иштөөдө. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Асел Абакирова билдирди.

Ал белгилегендей, кеңешменин иши ачык-айкын өтүүдө.

"Өкмөт башчы же өкмөт мүчөлөрүн Элдик курултайдын сунушу менен жумуштан четтетүү маселесин президенттин ыйгарым укугуна жазып чыктык. Бирок бир дагы беренеге чекит кое элекпиз, баары каралууда. Биздин секция карап чыккандан кийин пленардык жыйында да каралат", - дейт ал.

Абакирова теле аркылуу Конституциянын жаңы долбооруна карата сын айткандарды Конституциялык кеңешмеге келип, өз оюн айтууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий