• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Бишкектеги борбордук мечит бузулуп, ордуна жаңысы салынат

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бишкектеги борбордук мечит бузулуп, ордуна жаңысы салынат. Бул тууралуу "Кабарга" Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан (КМДБ) билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Москва/Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечит бир айдын ичинде бузулат, мындай чечим бир-эки күн мурун кабыл алынган.

"Биз эски мечиттин ордуна сыйымдуулугу көп жаңысын салабыз. Эски мечит 5 миң адамга ылайыкталган, жаңысы 10 миң кишилик болот. Андан тышкары, шаардагы унаалардын көптүгүн эске алып, жер астындагы унаа токтотуучу жай да каралмакчы", - деп билдиришти муфтияттын басма сөз кызматынан.

КМДБдан учурда имараттын долбоору иштелип жатканын, бирок муфтият имараттын дубалдарына кыргыз колоритин, башкача айтканда, оймо-чиймелерди түшүрүүнү караштырып жаткандыгын кошумчалашты.

"Бузулгандан кийин жаңы мечиттин курулушуна дароо капсула салынат. Жаңы мечит бир гана демөөрчүлөрдүн каражатына салынмакчы", - дешти муфтияттан.

Пикир

Оставить комментарий