• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бир күн ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында “Мазда Демио” жеңил унаасынын салону толугу менен күйгөн.

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы 26-көчөсүндө турак үйдүн 24 чарчы метр ички жасалгасы толугу менен, андан тышкары бир муздаткыч, бир эмерек жана үй буюмдары күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Жой-Белент айылындагы А. Жуманазаров атындагы орто мектебинин №2 корпусунун 80 чарчы метр ички жасалгасы, 10 парта, 20 үстөл, 2 шкаф, 1 такта, эшик жана терезелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий