• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Бийликке элдин ишеними кайтарылды – Алмамбет Матубраимов

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бүгүнкү күндө бийликке элдин ишеними кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Алмамбет Матубраимов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, буга чейин элде шайлоого ишенич жоголуп, добуштарды акчага сатып алышат деп ой жаралып келген.

“Ар бир айыл өкмөттөрдүн, шаарлардын аймагы кеңейтилди. Ошондуктан шайлоочулар жоопкерчиликти мойнубузга алып, шайлоого барып талапкерлерди шайлашыбыз керек. Жергиликтүү кеңешке, Жогорку Кеңешке, президенттик шайлоого катышуубуз зарыл. 2020-жылга чейин өзүңүздөр билесиздер, талапкерлердин көпчүлүгү акча менен келчү. Азыр коррупция менен күрөш жүрүп, андай көрүнүштөр азайды. Боршайком аралыктан добуш берүүнү ишке киргизди. Эми студенттер айылына барбай эле аралыктан добуш бере алышат. Жаштар жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго катышып, шайлоого келгендердин саны артат деп ойлойм. Учурда элдин бийликке болгон ишеними кайтарыла баштады. Буга чейин эл шайлоого ишенбей, баары бир акчага сатып алышат деген ой жаралып келген. Бүгүнкү президенттин кайрылуусу абдан жакшы, убагында болду деп эсептейм. Элдин добушу сөзсүз түрдө керек. Иш орундары пайда болгондон кийин мигранттар өлкөгө кайта баштады, бул да шайлоочулардын санын көбөйтөт. Кыргызстандагы бардык улуттун өкүлдөрү кыргыз жараны катары добуштары маанилүү экендигин, жашаган аймагын өнүктүрүү үчүн анын добушу зарылдыгын түшүндүрүп жатабыз. Менин оюмча, бул жолку шайлоодо жарандар активдүү катышат”, - деп белгидеди ал.

Ошондой эле Алмамбет Матубраимов мурда партиянын алдыңкы тизмесинде тургандар шайланып келгенин, учурда ким көп добуш алса, ошол утушка ээ болорун айтты.

“Бүгүнкү күндө талапкерлер өзүн-өзү көрсөтөт жана партиялар аркылуу да сунушталат. Мурда тизмедегилердин алдыңкы сабында тургандар шайланып кеткен. Азыр талапкер тизменин кайсы катарында жайгашпасын, кайсы талапкер көп добуш алса ошол өтөт. Ошондуктан добуштарды мурдагыдай сатып албай, шайлоочулардын чын ниети менен салган добуштары, элдин тандоосу маанилүү. Мурда уюшкан кылмыштуу топтор, административдик бийлик кийлигишип, көп кландык башкаруулар, коррупциялык схемалар иштечү. Азыр анын баары токтоп, талап күч болгондон кийин шайлоочулар коркпостон, чочубастан добуш беришет деген ишеним бар”, - деп кошумчалады Матубраимов.

Пикир

Оставить комментарий