Бийликти күч менен басып алуу аракети. Жогорку сот Б. Талгарбековго тагылган айыпты алып салды

Коом 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Жогорку соттун чечими менен экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков бийликти күч менен басып алуу айыбы боюнча акталды.

"Кабар" агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 6-февралындагы токтому менен Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы жана Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 13-ноябрындагы өкүмдөрү өзгөртүлгөн.

КРнын Кылмыш кодексинин 27, 296-беренелерине (Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) ылайык тагылган айыптар боюнча Б. Талгарбековдун аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондуктан ал акталган.

"Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун КРнын Кылмыш кодексинин 299-беренеси (Улут (этностор аралык), расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмдөрү күчүндө калтырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий