Coca-Cola жаңы даам тартуулайт

Дүйнө 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Coca-Cola компаниясы он жыл өткөн соң жаңы даамдагы суусундукту ойлоп чыкты. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, жаңы өндүрүшкө чыккан суусундук апельсин жана ваниль даамы менен болмокчу. Компания жаңы суусундукту 25-февралда сатыкка чыгарат, ал шекери менен шекерсиз болуп экиге бөлүнөт.

Белгилей кетчү нерсе, акыркы жолу компания 2007-жылы Coca-Cola’ны ваниль даамы менен чыгарган.

Белгилүү суусундукту жаңы даам менен чыгаруу иштеринин алкагында компания изилдөө максатында бир топ адамга ар кандай даам менен суусундукту тартуулаган. Арасында: малина, лимон, имбирь, апельсин жана ваниль болгон. Бирок көпчүлүгү апельсин менен ваниль даамдарына артыкчылык беришкен.

“Биз Coca-Cola’нын жаңы даамы менен биздин керектөөчүлөргө жай мезгилиндеги бейкапар күндөрдү эске салгыбыз келди”, -деп түшүндүрдү компаниянын бренд-директору Кейт Карпентер.

Пикир

Оставить комментарий