• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ЖМК: Түркияда 35 журналистти камоого ордер берилди

Дүйнө 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Түрк юстиция бийлиги диний үгүтчү Фетхуллах Гюлен баштаган Түркияда тыюу салынган кыймылдын тарапташтары деп эсептеген 35 журналистти камоого ордер берди. “Анадолу” Түрк мамлекеттик агенттиги билдиргендей, 9 журналист кармалган. Алардын арасында оппозициялык маанайдагыBirgün” гезитинин башкы редактору Бурак Экиджи дагы бар.

ЖурналисттерByLock” колдонмосун колдонушкан делүүдө. Түрк бийлигинин маалыматына ылайык, шифр жазуу менен кат алышууга мүмкүн болгон мессенджерди “гюленчилер” көп колдонорун жазат Deutsche Welle.

“ByLock” чаты аркылуу башкалар окуй албас белгилер менен сүйлөшкөндөрдү Анкара Гюлендин кыймылынын мүчөлөрү деп эсептейт.

Эскерте кетсек, президент Режеп Тайип Эрдоган аларды 2016-жылдын июлунда мамлекеттик төңкөрүш жасагандар деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий