Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты: Биринчи күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында күн мурун, 27-февралда бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионаты старт алды.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Дастан Лепшаков биринчи оюндарын жеңиш менен баштады. Ызытбек Ратбеков болсо Азербайжан жана казакстандык спортчуларды жеңип 1/32 финалга чыкты.

Ал эми ата мекендик 3 спортчу Зайлан Адамов, Азирет Таштанбеков жана Алмаз Ысабеков 2 жолу жеңилүү ызасын тартып, медаль үчүн күрөштү уланта албай калды.

Эскерте кетсек, бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өлкө тарыхында алтынчы ирет өтүп, таймашка 18 өлкөдөн келген 145 (128 эркек жана 17 кыз-келин) спортчу катышууда. Анын ичинде ата мекендик 24 спортчу дагы бар.

Оюндар "Газпром-балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүп жатат.

Жарым финалдык жана финалдык беттешүүлөр 1-2-март күндөрү болот.

Пикир

Оставить комментарий