• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Анкарада Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 26-29-февраль күндөрү Түркиянын Анкара шаарында Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине карата өтүп жаткан иш-чарага катышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси Эл аралык "ТҮРКСОЙ" уюму тарабынан уюштурулган.

Бул саамалыкка Түркиянын мамлекеттик кызматкерлери, элчилер, академиктер жана түрк дүйнөсүнөн барып окуган студенттер катышууда.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңеши тарабынан 2024-жылды “Барпы Алыкулов жылы” катары кабыл алынган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы кыргыз элинин маданият тармагынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон, адабияттын дыйканы, көркөм сөз чебери Барпы Алыкулов, ата-бабалардын бай руханий дүйнөсүн жайылтууга чоң салым кошкон чыгаан инсан экенин белгиледи.

Мына ушундай аракеттер кыргыз элинин залкар акындарынын бири Барпы Алыкуловдун чыгармаларын баалап, аны бүтүндөй түрк дүйнөсүнө жайылтууга жол ачаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий