• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Билерик" ансамбли Казакстанда өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

Маданият 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук балдардын чыгармачылык борборунун "Билерик" ансамбли "Talant-Star" эл аралык балдар, жаштар жана чыгармачылык сынак-фестивалынын жеңүүчүсү аталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 30-ноябрда Казакстандын Туркестан шаарында өттү.

"Кайрат Салмакеевдин жетекчилиги астында жаш бийчилер өздөрүнүн чеберчилиги менен калыстар тобун жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Катышуучулар хореография номинациясында Гран-приге ээ болуп, Алтын кубок жана дипломдор менен сыйланышты", - деп айтылат маалыматта.

Команданын курамында №81 мектептин окуучулары - Асылбекова Раяна, Асылбекова Зулфия, Гайбиллаева Гүлнур, Сатыбалдиева Сабина, Дүйшөналиева Даяна жана Айсел Мусаева бар.

Белгилей кетсек, "Talant-Star" сынагы балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, балдардын чыгармачылыгын колдоо жана жайылтууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий