• 87
  • 89.77
  • 0.79

Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат – министрлик

Коом 0

Бишкек, 08.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, мектеп администрациясы, мугалимдер мыйзамсыз акча чогултса айып пул салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча секторунун башчысы Болот Иманалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өзгөртүүлөр киргизилген “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 48-беренесине өзүнчө бир пункт киргизилип, 8-бөлүк менен толукталган. Мында мектептерде мажбурлоо менен акча чогултуулар болсо жоопкерчиликке тартылары айтылат.

“Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултуулар аныкталса, жоопкерчиликке тартылат деген мурдатан эле бар. Эми жөн эле жоопкерчиликке тартылбастан, жеке жактарга 10 миң, ал эми юридикалык жактарга 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Аталган мыйзамга өткөн жылдын соңунда президент Садыр Жапаров кол койду. Бардык мектептерге, райондорго буйрук жеткирилди, эми алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”, - деди Болот Иманалиев.

Министрликтин өкүлү маалымдагандай, акыркы 2, 3 жылдан бери Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларды токтотуу боюнча чоң иштер жүргүзүлүп жатат.

“2022-жылдан тартып өлкөнүн билим берүү мекемелерине республикалык бюджеттен айлык акыга жана жылдык оңдоо иштерине акча каражаты 3, 4 эсе көп бөлүнө баштады. Билим берүү имараттарын камсыз кылуу, оңдоо жана шарттарды түзүү толугу менен жергиликтүү бийликтин бюджетине кирип, ата-энелердин кошумча акча чогултуусуна муктаждык жок”, - дейт Иманалиев.

Министрликтин өкүлү кошумчалагандай, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултулбасын деген министрликтин ички буйруктары буга чейин эле чыгып келген. Бирок ага карабастан өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында ата-энелер ар кандай фонддор аркылуу мектепке жардам беребиз деген жүйөө менен акча чогултуп келишкен жана бул боюнча көптөгөн арыз, даттануулар келип түшкөн.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында “КР айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акысыз билим алуу укугун ишке ашыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий