Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кодзиро Накай менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кодзиро Накай «Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» программасынын алкагында башталгыч класстын окуучулары үчүн түрдүү пайдалуу тамактар даярдала башталгандыгын билдирди.
Тараптар мектеп жана мектепке чейинки тамактанууну уюштуруу боюнча иштерди талкуулашты:
- ашпозчуларды жана ашкана кызматкерлерин окутуу;
- ашпозчулардын кызматтык нускамаларын даярдоо;
- билим берүү уюмдарына "Рецепттер китебин" жайылтуу;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы логистикалык борборду 100 миң АКШ доллары бюджети менен реконструкциялоо жана оңдоо;
- бардык мектептерди ысык тамак менен камсыз кылуу.
Министр мектеп жана мектепке чейинки уюмдар ашканаларын жакшыртууга муктаж экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-жылы төмөндөгүлөрдү ишке ашыруу пландалды:
- Өлкө боюнча 300гө жакын мектепте ысык тамак берүүнү ишке киргизүү. Анын үчтөн экиси түштүктө жайгашкан;
- Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жергиликтүү фермерлер жана өндүрүшчүлөр менен байланыш түзүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Программанын аткарылышын көз карандысыз башкаруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн методикалык куралдар жана материалдар менен камсыз кылуу;
Алмазбек Бейшеналиев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.
Пикир
Оставить комментарий