• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте “Наристе” эл аралык фестивалына 4 миңден ашуун бала катышууда

Коом 0


Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бишкекте “Наристе” II эл аралык балдардын фольклордук фестивалы өтүүдө.

Фестивалдын салтанаттуу ачылышына президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева журналисттерге маалымдагандай, фестивалга 4 миңден ашуун бала катышууда.

“Иш-чарага Казакстан, Монголия, Россия, Алтай, Тувадан келген коноктор, ошондой эле музыкалык мектептердин балдары да катышууда. Бүгүн шаардын балдарынын жана чыгармачылык жамааттардын салтанаттуу жүрүшү болду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий