• 87.86
  • 93.94
  • 1

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев ОшМПУда болду

Аймак 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иш сапары менен болуп, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Каныбек Иманалиев алгач министрликте жүрүп жаткан соңку иш-аракеттер, жетишкендиктер, алдыдагы иш пландар жана билим берүү тармагындагы маселелерге токтолду. Ошондой эле министр жогорку билим берүү жаатында, өзгөчө педагог адистерди даярдоодо ОшМПУнун орду жогору экенин белгилеп, министрлик тарабынан жакындан колдоого алынарын айтып өттү.

Иш-чаранын кийинки бөлүгү министрдин студенттерге арналган атайын лекциясы менен коштолду. Лекцияда Каныбек Иманалиев катышуучулар менен элибиздин улуттук баалуулуктары, нарк-насили, каада-салты, этнопедагогикасы, тарыхы жана “Манас” эпосу тууралуу таасирдүү маалыматтар менен бөлүштү.

Министр жолугушуудан соң, ОшМПУнун материалдык базасы жана жаңы курулуп жаткан 5 кабаттуу окуу корпусу менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, Каныбек Иманалив бүгүн эрте менен Ош облусундагы, шаардагы мектеп директорлору менен жолугушкан. Ал эми кезектеги иш сапары Ош мамлекеттик университетинде уланат.

Пикир

Оставить комментарий