• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Эртең Жалал-Абаддын бир катар көчөлөрүндө газ берүү токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 29-апрель күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Мукуми, Б.Осмонов, Тайгараев, Фурманов, Маяковский, Белинский, Кыргыз Республикасы, Тоголок Молдо, Кашкина, Икрамов, Куйбышев, Махмудов көчөлөрүндө, Пушкин көчөсүндөгү №148 көп кабаттуу үйдө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу газ берүү токтотулат.

Жалал-Абад шаардык мэриясы шаардыктарды жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий