• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таласта өзгөчө кырдаал режими киргенден бери 6 жол кырсыгы катталды

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Талас облусуна өзгөчө кырдаал киргенден баштап ушул күнгө чейинки аралыкта 6 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен каза болгондор жок, 8 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алып ооруканага кайрылышкан.

Ошондой эле Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолдо жүрүүнүн эрежелерин одоно бузган 63 жаранга бузуулар жөнүндөгү протокол түзүлсө, анын ичинен 11 айдоочу унаасын спирт ичимдигин ичип алып башкарып жүрүшкөнү үчүн кармалышкан.

Андан тышкары, санитардык-карантиндик постордо турган кызматкерлердин баардыгы өздүк гигиенаны жана жугуштуу оорудан сактануу максатында керектүү медициналык каражаттар менен толук камсыздалышкан. Аны менен бирге, облустун элине зарыл керек болгон дары-дармек, тамак-аш жана жазгы талаа иштери үчүн керектелген шаймандарды жана товарларды ташыган автоунаалардын үзгүлтүксүз өтүүсү камсыздалууда.

Пикир

Оставить комментарий