• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Билим берүү министри ШКУнун жайкы лагерине катышкан окуучулар менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин “жаш журналисттери” жайкы лагерине катышып келген окуучуларды кабыл алды.

Ведомствонун маалыматына караганда, жайкы лагерь 2023-жылдын 14-26-июль күндөрү Пекинде өткөн. Окуучулар министрге лагерден үйрөнгөн тажрыйбаларын, алган сезимдерин, келечек пландарын айтып беришти.

Министр окуучуларга билим алуунун маанилүүгүн айтып, маалыматтык технологияларды өздөштүрүү учурдун талабы экендиги белгиледи.

Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары Эркайым Замирбек кызы жана Наиля Жанарбек кызы мугалими Казыбек Асылбековдун жетекчилигинде жайкы лагерге барып келишти.

Аталган лагерге ШКУга мүчө тогуз мамлекеттен 18 жаш өкүл катышкан.

Пикир

Оставить комментарий