• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

УКМК: Баткенде 2 млн сомго жакын бааланган тамеки буюмдары мамлекеттин эсебине конфискацияланды

Аймак 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы 2 миллион сомго жакын бааланган тамеки буюмдарын мамлекеттин эсебине конфискациялады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 21-июлда Баткен райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча кылмыш жасоодо, кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү деп табылган Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Ж.Д.А. 100 миң сом айып салынган, ошондой эле мамлекетке 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамекилери конфискацияланган.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 9-майында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.Д.А. үйүнө уруксат берилген тинтүү иштеринин учурунда акциздик маркасы жок 17 миң 960 куту тамеки табылган.

Пикир

Оставить комментарий