• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кылмыштуу кирешелерди адалдаган микрофинансылык компаниялар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Бишкекте кылмыштуу кирешелерди адалдаган микрокредикттик компаниялар аныкталды. Бул тууралуу Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы мыйзам бузууларды аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүлүп, ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жоопкерчиликке тартылды.

Алсак, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарында белгиленген ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга жалпы суммасы 110 миң сом өлчөмүндөгү 2 айып пул салган.

Пикир

Оставить комментарий