• 87
  • 90.63
  • 0.79

Билим берүү министри тармактагы реформалар тууралуу айтып берди

Билим 0


Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү тармагындагы реформалар тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, 2030-жылга чейин билим берүүнүн бардык башка тепкичтерин, жада калса илимди камтыган билим берүү тармагындагы реформалардын негизги багыты 12 жылдык мектептик билимге негизделген жаңы билим берүү парадигмасы болмокчу.

"Бул 6 жаштагы балдарды окутуу менен 100% камтуу, жогорку мектепте профилдик жана кесиптик билим берүү, критикалык ой жүгүртүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана адаптациялоого басым жасаган окуу программаларына өтүү", - деди ал.

Ошондой эле министр белгилегендей, кыргыз, орус жана башка тилдердеги сапаттуу окуу материалдарына жетүү менен аралыктан билим берүү платформаларын өнүктүрүү, долбоордук жана командалык окутууга басым жасалат, мында студенттер чыныгы жашоодогу көйгөйлөр жана кыйынчылыктар менен иштешет.

"Интерактивдүү панелдерди, билим берүү колдонмолорду жана виртуалдык чындыкты колдонуу, мугалимдерди заманбап технологиялар боюнча окутуу, алар аны сабактарына натыйжалуу киргизе алышат. Тажрыйбалуу мугалимдер жаңы мугалимдерди колдогон насаатчылык схемаларын түзүшөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий