• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Билим 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин 30-ноябрдагы №665 токтомуна ылайык, абитуриенттерди университеттерге кабыл алуу тартибине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 10-февралга чейин жүргүзүлөт.

- Чет өлкөлүк абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 15-октябрга чейин жүргүзүлөт.

- Жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргызстанда же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5-декабрга чейин узартылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий