• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга илинди

Билим 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар 1-10-февраль аралыгында математика, физика жана информатика (IZHO) боюнча 19-Эл аралык Жаутыков олимпиадасында байгелүү орундарга илинди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, математика боюнча Кыргызстандын атынан жети команда, ал эми үч окуучу жеке катышты.

Өткөн жылдары IZHO олимпиадасында Кыргызстандан 10, 11-класстын окуучулары медаль алып келишкен болсо, быйылкы жеңүүчүлөрдүн арасында 7, 8, 9-класстын окуучулары да бар.

Эл аралык Жаутыков олимпиадасы физика-математика класстарынын окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команданын курамында үч математик, эки физик, эки информатик жана эки жетекчи бар. Бул жылы окуучулар жекече катышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту.

10 күн аралыгында 26 өлкөдөн 281 команда, 1200дөн ашуун окуучу катышкан олимпиадада Кыргызстандын атынан катышкан 12 окуучу байгелүү орундарга ээ болду. Казакстандын студенттери үчүн олимпиада оффлайн режиминде өттү, калган окуучулар видеокөзөмөлдүн астында онлайн катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Пикир

Оставить комментарий