• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Чектеги баалар жогорулатылган. “Глобус” гипермаркетинин кызматкерлери жазаланды

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бишкектеги “Глобус” гипермаркеттеринин биринин кассасында товарлар жогорулатылган баада өткөрүлгөн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Жибек-Жолу проспектиси, 120/1 дарегинде жайгашкан “Глобус” гипермаркетинде тартылган видео жарыяланган. Видеодо керектөөчүлөр сатууга коюлган бир катар товарлардын (күрүч, төө буурчак ж.б.) баасы кассада жогорулатуу менен сатылып жатканына нааразычылыгын билдиришкен.

Ведомстводон белгилешкендей, товарды сатууда товарга чапталган таңгакта же ярлыкта көрсөтүлгөн баалардын өлчөмүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамын бузуу болуп эсептелет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын инспекторлору аталган даректеги гипермаркетте текшерүү иштерин жүргүздү. Учурда бардык мыйзам бузуулар жоюлуп, кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн соода борборунун директоруна, соода аянтынын администраторуна, товарларды кабыл алуу зонасынын операторуна сөгүш жарыяланып, сыйлыктардан ажыратылган.

Ошондой эле супермаркеттерде маалымат такталары орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий