• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Билим берүү министри Улуттук илимдер академиясынын оңдоодон өткөн имаратын көрүп чыкты

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуттук илимдер академиясынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын көрүп чыкты.

Ведомстводон билдиришкендей, министрди Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев академиянын жаңыланган имараты менен тааныштырды.

“Мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен бюджеттен акча бөлүнүп, башкы имараттын капиталдык ремонт иштери аяктап калды. Көптөгөн көйгөйлөр бар болчу, азыр анын баары чечилди. Академияда жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болду”, - деди Арабаев.

Өз кезегинде Кендирбаева академиктер менен кызматкерлердин ишине ийгилик каалап, имаратта илимий изилдөөлөр жүрүп, мамлекетке өз салымдарын кошот деген ишенимим билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Улуттук илимдер академиясынын түзүлгөнүнө 70 жыл болду. Башкы имараты 60 жыл мурда курулуп, ошол убактан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий