• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Билим берүү министринин биринчи орун басары Бакуда СОР-29 саммитинде сөз сүйлөдү

Билим 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 29-конференциясына (COP-29) катышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, Супаналиев "Билим берүүнү жашылдандыруу жана климатка туруктуулукту жогорулатуу" жана "Эл аралык баалоонун алкагында экологиялык сабаттуулукту өлчөө" темаларында жогорку деңгээлдеги панелдик дискуссияларга катышты.

Панелдик сессия климаттык көйгөйлөргө жооп катары билим берүүнү трансформациялоону талкуулоого арналды.

Бекжан Сунапалиев "Эл аралык баалоо алкагында экологиялык сабаттуулукту өлчөө" темасындагы панелдик дискуссияда сөз сүйлөдү. Анда СОР-29га катышуучу өлкөлөрдүн билим берүү министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер катышып, окуучулардын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуудагы PISA сыяктуу баалоо изилдөөлөрдүн ролу кеңири талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий