Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү материалдарды жеткирүүдө

Билим 0

Бишкек, 19.01.24./Кабар/. Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү материалдар жеткирилүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, учурда 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба-ырайына карап жүрүп жатат.

Мындан сырткары, 144 объектте эмеректер да орнотулду, анын ичинде Ош облусунда - 56, Жалал-Абад облусунда - 85 жана Чүй облусунда - 3.

Учурда кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды.

Белгиленгендей, кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Пикир

Оставить комментарий