• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө темир буюмдарын өндүргөн цехтен өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда Алма-Ата көчөсү менен Айланма унаа жолунун кесилишинде жайгашкан темир буюмдарын өндүргөн цехтен өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат 04:56да чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү.

Цехтен чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий