• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КФС президенти Медербек Сыдыков Катардын спорт министри менен жолугушту

Спорт 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Катардын спорт жана жаштар министри, ФИФА Кеңешинин жана АФКнын профессионалдык футбол комитетинин мүчөсү Шейх Хамад Бин Халифа бин Ахмед Аль-Тани Кыргыз футбол союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыков менен жолугушту.

КФСнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын футбол юоюнча улуттук курама команданын оюнчулары, машыктыруучулар штабынын мүчөлөрү катышты.

Тараптардын жолугушуусу күн мурун Доха шаарында өткөн.

"Министр биздин футболчулар менен таанышып, Азия биринчилигиндеги алдыдагы оюндарына ийгилик каалап, команданын Таиланд курамасынан жеңилгенине карабастан тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи.

Президент министрге командага берилген шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, Катарда Азия Кубогу жогорку деңгээлде уюштурулуп жаткандыгын белгиледи", - деп кабарлашты КФСнын маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий