• 87
  • 90.41
  • 0.84

Билим берүү министрлиги: 325 мугалим ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыз берди

Билим 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан уюштурулган эксперттик комиссия педагогдорду квалификациялык категорияларга дал келүүсү боюнча ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабы боюнча берилген документтерге экспертизасын баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

2023-жылдын 14-декабрынан 27-декабрында ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө педагогдордун арыздарын санариптик каттоо жөнүндө аймактык билим берүүнү башкаруу органдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына билдирүү жөнөтүлгөн.

Санариптик каттоонун жыйынтыгы боюнча учурда 325 арыз келип түшкөн, анын ичинде:

  • Ош облусунан – 96,
  • Жалал-Абад облусунан – 56,
  • Ысык-Көл облусунан – 43,
  • Нарын облусунан – 30,
  • Талас облусунан – 29,
  • Баткен облусунан – 26,
  • Чүй облусунан – 17,
  • Ош шаарынан – 17,
  • Бишкек шаарынан — 11.

Пикир

Оставить комментарий