• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оштогу билим берүү уюмдары мамлекеттик тил күнүн онлайн белгилешти

Билим 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Оштогу билим берүү уюмдары мамлекеттик тил күнүн онлайн белгилешти, - деп кабарлайт Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 23-сентябрда Ош облусундагы билим берүү институту тарабынан мамлекеттик тил күнүн утурлай облустук иш-чара онлайн уюштурулуп, республикадагы жалпы билим берүү кызматкерлери катышып, интернет колдонуучуларга ютуб-каналынан түз көрсөтүлүп турду.

«Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун!» аттуу иш-чаранын башында Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева облустагы билим берүү кызматкерлерин мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министринин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова сөзгө чыгып, өз ойлору менен бөлүшүштү. Муну менен катар президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Ош жана Жалал-Абад аймактары боюнча жооптуу өкүлү Алмагүл Телекманова да билим берүү кызматкерлерин мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жөнүндө токтолуп өттү.

Онлайн режиминде уюштурулган бул иш-чараны Ош облусунун бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын жана мектеп окуучуларынын бийлери, алардын айткан «Манас» эпосунан үзүндүлөр жана тил боюнча көркөм окуулары коштоду.

Пикир

Оставить комментарий