• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Билим берүү министрлиги: Брайл ариби менен окуу китептери жарык көрдү

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Брайл ариби менен мектеп окуу китептери жарык көрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу китептеринин жалпы нускасы 270 комплект, же 1650 томду түзөт.

Учурда аталган китептер Бишкек жана Ош шаарларындагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп-интернаттарына жеткирилди.

Белгиленгендей, Билим берүү министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 30 комплект орус тилиндеги рельефтик-чекиттик шрифттер менен окуу китептерин басып чыгаруу жана нускалоо боюнча кызматтарды сатып алган:

1. Фатнева А.Г., Цуканова Н.Э., Назарбекова Г.Д. Англис тили. 3-кл.
2. Цуканова Н.Э., Фатнева А.Г., Жолчиева А.А. Англис тили. 4-кл.
3. Абдышева Ч., Балута О. Англис тили. 5-кл.
4. Абдышева Ч., Балута О. Англис тили. 6-кл.
5. Цыбуля И.Н., Самыкбаева Л.А., Беляев А.А., Осипова Н.Н., Мамбетакунов У.Э. Информатика. 7-9-кл.
6. Азимова М., Арунова А., Маслова И. Адам жана коом. 7-кл.
7. Азимова М., Арунова А., Маслова И. Адам жана коом. 8-кл.
8. Мамбетакунов Э., Мурзаибраимова Б. Физика. 7-кл.
9. Рыспаева Б., Молдогазиева С., Байдинов Т. Химия. 8-кл.

Пикир

Оставить комментарий