• 87
  • 90.55
  • 0.84

Билим берүү министрлиги Көк-Жар конушундагы мектепке компьютерлерди белекке берди

Коом 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Күн мурун, 11-октябрда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Бишкектин Көк-Жар конушундагы Низами Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектебине 10 даана комплект компьютерди министрликтин атынан белекке берди.

Ведомстводон билдиришкендей, мектептин расмий ачылышы бүгүн, 12-октябрда болот. Ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышат.

Жаңы мектеп Азербайжан Республикасы тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий