• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте эпидкырдаал турукташууда. Калаадагы жети стационардын иши токтоду

Коом 0

Бишкек, 05.08.20 /Кабар/. Бишкекте бейтаптардын саны азайып, абал бир аз турукташып калгандыгына байланыштуу жети стационар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Алар:

  • "Сейтек" мектебиндеги стационар;
  • №95 мектептеги стационар;
  • №83 мектептеги стационар;
  • №81 мектептеги стационар;
  • №94 мектептеги стационар;
  • "Арал" кафесиндеги стационар;
  • Кара-Жыгач жаңы конушундагы "Салтанат" ресторанындагы түнкү стационар.

"Бардык медициналык жабдыктар, орундуктар сакталып, дезинфекциядан өткөрүлдү. Азырынча калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат, шаар бийлиги кайрылгандардын динамикасына мониторинг жүргүзүп турмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ күндүзгү стационарларга 964 адам кайрылса, 4нөн 5-августка караган түнү түнкү стационарларга бардыгы болуп 173 адам жардам сурап кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий