Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кечээ, 22-сентябрда КР Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Нарын шаарында облустун билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда негизинен облустагы мектептердин абалы, окутуунун сапаты талкууланды.
Эске сала кетсек, министр ушул жылдын июнь айынын башында Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорундагы билим берүү уюмдарынын абалын өз көзү менен көрүп, көйгөйлөрдү жеринде угуп, министрликке тиешелүү маселелерди чечүүнү, башка министрликтердин жана ведомстволордун компетенциясына кирген маселелерди тийиштүү жетекчилерге жеткирүүнү убада кылган. Ошону менен катар билим берүү системасынын аймактык органдарынын жетекчилерине да бир катар тапшырмаларды берген.
Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда Б. Купешев жай мезгилинин башында өткөн жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши, берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат алып, министрлик тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу кеп салып, суроолорго жооп берди.
Пикир
Оставить комментарий