• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

"Түндүкэлектр" дебитордук карызы бар 6,8 миңден ашык абонентти аралыктан өчүрөт

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. "Түндүкэлектр" ААК 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрө турганын эскертет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 29-июндан "Түндүк электр" ААКтын электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкек шаарындагы 6,8 миңден ашуун үй абоненттерин аралыктан өчүрөт.

“Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3,04 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий