• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Токмокто өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды сактап калган ӨКМ кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Куткаруу ишинде эрдик көрсөтүп, өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды сактап калгандыгы үчүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучу, улук сержант А.Эсенгул уулу “Каарман” медалы менен сыйланды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле нөөмөтчү, прапорщик К.Рысбеков жана өрт өчүрүүчү-куткаруучу, сержант И.Иманалиев “Ардак грамоталары” менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрь күнү Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имараттан эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган жеринен ӨКМдин Токмок шаардык №21 ӨККБнын куткаруучулары сактап калышкан.

Пикир

Оставить комментарий