• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Билим берүү жана илим министринин орун басары дайындалды. Өмүр баяны

Коом 0

Бишкек, 30.09.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Өмүров Нурлан Кубатович дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.

Билим министри Каныбек Исаков бүгүн Нурлан Өмүровду министрликтин жамаатына тааныштырып, жумушуна ийгиликтерди каалады.

Нурлан Өмүровдун өмүр баяны:

1971-жылы 19-февралда туулган.
Кыргыз, орус, испан, англис тилдерин билет.

Билими:

1988-1993-жылдарыИшеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Информатика жана колдонмо математика факультетин аяктаган;
Аспирантураны 1993-1996-жылдары Улуттук илимдер академиясынын математика институтунда аяктаган;
2008-2012-жылдары Испаниянын Сантьяго-де-Компостела университетинде докторантураны бүтүргөн.

Эмгек ишмердиги:

1997-2008-жылдары Нарын мамлекеттик университети, Жаңы технологиялар факультетинин деканы
2011-2012-жылдары Президенттин алдындагы башкаруу академиясы Дистанттык институтунун директору
2013-2018-жылдарыКыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Дистанттык окутуу борборунун директору
2018-жыл, Март-Август. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун со-директору;
2018-жылдын сентябрь айынын ушул күнгө чейин Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору.

Пикир

Оставить комментарий