• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өлкөнүн юристтери жана ишкерлери биргелешип иштөөнү талкуулашат

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 5-апрелде жергиликтүү юристтер жана ишкерлердин ортосунда биргелешкен ишмердикти жакшыртуу максатында ишкер форумун уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул чечим КР Юстиция министри Уран Ахметовдун жана JIA (Жаш Ишкерлер Ассоциациясы) Ишкер Ассоциациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Семетей Өмүргазы уулунун жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Жолугушууда ведомствонун имаратында форумду өткөрүү боюнча иштиктүү шарттар козголду.

Өз кезегинде, Семетей Өмүргазы уулу ишкер коомчулуктун мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттешүүлөрү актуалдуу экендигин жана JIA ишкер форумун өткөрүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын белгиледи. Ишкер Ассоциациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу ишкерлердин көзөмөлдөөчү, текшерүүчү жана башка маморгандар менен өз ара мамилелеринен тартып ар кандай ишмердиктерин жүзөгө ашыруудагы бюрократиялык тоскоолдуктарга чейинки кеңири маселелерге кызыкдар экендигин билдирди.

“Биз ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү түзүүнү каалайбыз. Ишкерлерибиздин сунуштарын жана эскертүүлөрүн угууга, министрликтин ишин жакшыртуу механизмдери боюнча пландарыбыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Катышуучулардын ортосунда конструктивдүү сүйлөшүү жүрөт деген ишеним бар”, - деп жыйынтыктады ведомство башчысы.

Пикир

Оставить комментарий