• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акылбек Жапаров Бишкекте мамлекеттик органдардын жаңы имаратын ачты

Коом 0


Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жаңы имаратын ачты.

Кароосуз турган Ленин заводу – эми жаркыраган имаратка айланды. Президенттин иш башкармалыгы имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп, бир катар мамлекеттик мекеме-ишканаларга пайдаланууга өткөрүп берди.

Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев жана башкалар катышты.

Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

“Президент Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасы менен бүгүн сиздерге бардык шарттары бар, конокторду кабыл алууда уялбай турган жаңы имарат берилип жатат. 30 жыл аралыгында мамлекеттик органдарга жаңы имарат салынмак түгүл иштеп турган завод-фабрикалар таланып-тонолуп кеткен. Андыктан жаркыраган имараттын ачылышы өлкө башына жаратман президенттин келгенин тастыктап турат”, - деди Жапаров.

Анын айтымында, имараттын ичинде чоң конференц-залдары, кирпичтен бөлүнгөн жумушчу кабинеттер, чоң-чоң залдары бар жана бардык кабаттарды мамлекеттик органдар өздөрүнө ылайыктап өзгөртүп алууга ылайыкталынган.

“Аталган имаратты оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 225 млн сом бөлүнгөн. Бардык кабаттарда толугу менен заманбап шарттар каралган”, - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Белгиленгендей, жаңы имарат 4 кабаттан турат жана имаратка төмөнкү мекемелер жайгашты:

1-кабат — Мамлекеттик ипотекалык компаниясы;

2-кабат — "Кабар" кыргыз улуттук маалыматтык агенттиги, - Мамлекеттик ипотекалык компаниясы;

3-кабат — Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу материалдык резервдер фонду;

4-кабат — Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, - Кыргыз Энцклопедия.

Пикир

Оставить комментарий