• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутаттар жер көчкүдөн жабыр тарткан жарандардын абалы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаттары Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП) жана Курманкул Зулушев (РАЖ) Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылына барып, көчкү кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтышып, Жогорку Кеӊештин атынан 200 миӊ сом өлчөмүндө материалдык жардам тапшырышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, эл өкүлдөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу айыл тургундарынын көйгөлөрүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, 26-мартта Ничке-Сайдагы жер көчкү бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн өмүрүн алган. Жер көчкү түшкөн аймакта көчкү дале болсо жылып жаткандыктан, сөөктөрдү изилдөө иштери убактылуу токтотулган. Кооптуу жайлардагы үйлөрдөн айрым үй-бүлөлөр чатырларга убактылуу көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий