• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин Ички аскерлеринде Ноорузга арналган салтанатту иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Бүгүн ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн спорттук шаарчасынын аймагында жаз майрамы Ноорузга арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, майрамдык иш-чарага ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысынын МУА Марат Нуралиев, өздүк курам жана ардагерлер катышты.

Иш-чаранын башталышында Марат Нуралиев 2024-жылдын 19 мартында өткөн Республикалык Жоокерлер энелери комитети тарабынан Нооруз майрамына карата уюштурулган иш чарада спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештин жана улуттук тамактардын сынагынын жыйынтыгында ИИМдин Ички аскерлери 1 орунду ээлегендиги менен куттуктап, Ички аскерлердин аялдар кеңешинин төрайымы Токтобүбү Акжолтоевага өткөрүлгөн сынакта жетишкен ийгиликтери жана мыкты даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк жасалып, жакшы каалоо тилектер айтылды.

Нооруз майрамына арналган иш-чаралар ИИМдин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө мерчемделип, белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий