Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Адилет Билимбек уулу Бишкек аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды.
Ал буга чейин ал «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Пикир
Оставить комментарий