• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“Боинг-747” учагынын ичиндеги жүк дүйнөнүн 19 өлкөсүнө арналган – Абулгазиев

Коом 0

Бишкек, 14.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Боинг-747” учагынын ичиндеги жүк дүйнөнүн 19 өлкөсүнө арналган. Бул тууралуу президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан.

Авиакыйроонун кесепетинен 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жарандары каза болгон. 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Абулгазиевдин айтымына караганда, жүк Гонконгдон Стамбулга бара жаткан, ал жактан дүйнөнүн 19 өлкөсүнө таркатылып берилиши керек эле.

“Мындай маалыматтар КР Башкы проекратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишинин жүрүшүнө алынган. Жүктү алуучу өлкөлөрдүн арасында Россия, Украина, Испания, Сербия, Африка өлкөлөрдү, Латин

Абулгазиев кошумчалагандай, “Боинг-747” учагы Кыргызстанда май куюп жана экипаж алмаштырмак.

“Гонконгдон Стамбулга чейин учакка 64 тонна күйүүчү май керек болгон. “Манас” аэропортуна конгон кезде “Боингде” 25 тонна күйүүчү май болгон. Андан тышкары, учактын командири жана экипаждын бир мүчөсү Хаят мейманканасында болгон. Алар команданын бир мүчөлөрүн алмаштырыш керек болчу”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий