• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда мөңгүлөрдү сактоо боюнча түзүмдүк долбоор жайылтылууда

Коом 0

Бишкек, 15.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстанда мөңгүлөрдү сактоо боюнча түзүмдүк долбоор иштелип чыкты. Ал өз кезегинде өлкөдөгү экологиялык жана экономикалык кырдаалга пайдасын тийгизет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында долбоордун автору Анарбек Эстебесов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө көптөгөн активисттер “Кумтөр” кениндеги алтынды казып алууга каршы чыгышууда, анын себебин алар “Лысый” жана “Давыдов” мөңгүлөрүн жок кылуу менен түшүндүрүшүүдө.

“Бул эки мөңгү өлкөдө болгон мөңгүлөрдүн бир пайызын да түзбөйт. Кыргызстанда 7 миңге жакын мөңгү бар деп эсептелинет, бүгүнкү күндө алардын бардыгын сактап калуу үчүн комплекстүү чараларды көрүү керек”,-деп белгиледи Эстебесов.

Анын ою боюнча, мөңгүлөрдү башкы жок кылуучулар ошол эле энергия керектөөчүлөр болуп саналат. Бүгүнкү күндө айлана-чөйрөгө көптөгөн зыянкеч газдар иштелип чыгып, алар өз кезегинде климаттын өзгөрүшүнө алып келип, мөңгүлөрдү ээритет.

Пикир

Оставить комментарий