“Бир айыл – бир продукт” долбооруна Бишкектин кол өнөрчүлөрү жана фермерлери тартылат

Коом 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Бишкек шаарында “Бир айыл – бир продукт” (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы бекитилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан.

Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү;
  • инвесторлорду жана ишкерлерди БАБП үлгүсүндөгү продукцияларды өндүрүү жана аларды ички жана эл аралык рынокто сатууга тартуу;
  • БАБП үлгүсүндөгү продукцияны өлкөнүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий иш-чараларында колдонуу.

Долбоор президенттин “Бир айыл – бир продукт” эл чарба долбоору жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий