• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" Экинчи күнү – 234 баалуу байге ойнотулат

Коом 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Бүгүн, 27-июнь – "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун экинчи күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен ойнотулат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 26-июнда 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен өз ээлерин тапты. Мындай утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында 30-июнга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар эстрада жылдыздары катышкан кызыктуу шоу-концерт менен коштолот. Мындан тышкары, келген көрүүчүлөр үчүн гана 15 смартфон ойнотулат.

Утуштарды бул жерден көрсөңүз болот:

Facebook https://www.facebook.com/salykKG

YouTube https://www.youtube.com/@salyk_kg

Пикир

Оставить комментарий