• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарында "Кыргыз шырдагы" фестивалы өтөт. Каалоочулар үчүн каттам уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-29-июнь күндөрү Нарында "Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фетивалы өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги "As A Nomad" этнокомплексинде болот. Фестивалга барууну каалагандар үчүн иш-чара өткөрүлө турган аймакка атайын каттам уюштурулат.

"28-июнь күнү эртең мененки саат 09:00дон кечки саат 22:00го чейин Нарын шаарынын Алма-Бак аймагынан Кара-Бүк аймагындагы "As A Nomad" этнокомплексине чейин 2 чакан автобус эл ташыйт", - деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн "Салкын-Төр" эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат.

29-июнь күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий