• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бир катар ири мелдештердин жеңүүчүсү балбан Бекзат Алмаз уулунун жетишкендиктери

Спорт 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Саналуу гана күндөрдөн кийин Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары башталат. Кыргызстандын атынан оюндарга 16 спортчу катышат. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча беттештерге чыгышат. 8-августта спорттук күрөш боюнча 57 кг салмак ченинде килемде Бекзат Алмаз уулу күчүн сынайт.

Мелдешти утурлай балбан Бекзат Алмаз уулу тууралуу кыскача маалыматтар сунушталат.

Өмүр баяны: Бекзат Алмаз уулу 2000-жылы 3-декабрда Талас облусунун Ч.Айтматов районунун (мурдагы Кара-Буура) Аманбаев айылында туулган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү.

Спорттогу ийгиликтери:

  • 23 жашка чейинкилер арасында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (Испания, 2022);
  • Жаштар арасында Азия чемпиону (2023);
  • Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатында эркин күрөш боюнча 2-орунду ээлеген (2022);
  • Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатында эркин күрөш боюнча 2-орунду багындырган (2024);
  • Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль уткан (Бишкек, 2022);
  • Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште 57 кг салмак категориясында күмүш медалга арзыган (Бишкек, 2023);
  • Универсиадада эркин күрөш боюнча мелдеште 1-орунду ээлеген (Бишкек, 2023);
  • Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңген (Албания, 2023);
  • Азиялык квалификациялык турнирде Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган (Бишкек, 2024).

Пикир

Оставить комментарий