• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бокс боюнча улуттук курама команда машыгып келген спорт залы жаңыланды

Спорт 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бишкекте бокс боюнча улуттук курама команда машыгып келген спорт залынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменттин директору Канат Шабданбаев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Орзубек Назаров, машыктыруучулар, спортчулар жана башка коноктор катышты.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө ардактуу коноктор кызыл лента кесип, ачылышы менен куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Белгилей кетсек, аталган залды оңдоо иштери октябрь айында башталган. Бокс күйөрмандары жана спортчулар президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасап, маселени чечип берүүсүн өтүнүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий